Абылгазиев ЕАЭБдин рыногундагы тоскоолдуктарды жеңүүнүн жолун айтты

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызстана Мухаммедкалый Абылгазиев на заседании Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате
Премьер-министр Кыргызстана Мухаммедкалый Абылгазиев на заседании Евразийского межправительственного совета в Чолпон-Ате - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өз сөзүндө өкмөт башчы экономикалык интеграциянын негизги максатын да атады.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктар жоюлушу керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында айтты.

Премьер өз сөзүндө көйгөйдү Евразиялык комиссиянын укугун кеңейтүү менен чечүүгө болорун белгиледи.

"Тилекке каршы, ички рынокто ушу кезге чейин чектөөлөр бар. Мындан улам тоскоолдуктарды жоюу боюнча чара көрүп, биримдиктин толук кандуу иштеши үчүн талаштуу маселелерди тез арада ыкчам чечүү максатында комиссиянын укуктарын кеңейтүү зарыл", — деди өкмөт башчы.

Участие премьер-министра РФ Д. Медведева в заседании Евразийского межправительственного совета - Sputnik Кыргызстан
Дмитрий Медведев Кыргызстанга келди
Абылгазиев интеграциянын негизги максаттарынын бири - товарлардын, кызмат көрсөтүүнүн, эмгек ресурсунун бирдиктүү рыногун түзүү экенин белгиледи. Анын айтымында, бул ЕАЭБ мамлекеттерин максатка ылайык келбеген аракеттерден оолак кармайт.

Премьер-министр кеңештин тар чөйрөдөгү жолугушуусу да ушул маселеге арналганын белгиледи.

"Биз ЕАЭБ ортосунда бажы төлөмдөрүн бөлүштүрүүнүн ченемдерин, алкоголь рыногун жана жалпы финансы рыногун жөнгө салууну талкууладык. Аны 2025-жылы ишке киргизүү каралган", — деди өкмөт башчы.

Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0