Улуттук банктагы алтындын наркы кескин жогорулап, рекорд койду

Жазылуу
Бир жыл ичинде алтындын запасынын наркы эки эсеге өскөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. КРдин Улуттук банкынын алтын запасынын наркы 1-июлга карата 41,6 миллиард сомду түздү. Бул туурасында каржыны жөнгө салуу мекемесинин сайтында жазылган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандан чыгарылган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти
Өткөн айга салыштырмалуу алтын запасы 4,7 миллиард сомго жогорулаган. Бул 2008-жылдан бери рекорддук көрсөткүч экендиги, ошол убакыттан бери бардык маалыматтар ачык, жеткиликтүү болуп калганы айтылат. 2008-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын 2,5 миллиард сомдук алтыны бар экени белгилүү болуп, андан соң бул сан көбөйө баштаган.

Белгилей кетсек, былтыр июлдун башында Улуттук банктын запасы 24,3 миллиардды түзгөн. Башкача айтканда, 1,7 эсе аз болчу.

Былтыркы жылдын ноябрь айында Улуттук банктагы алтындын кору 10,8 тонна эле. Негизи баалуу таштын көпчүлүк бөлүгү 2011-жылы сатып алынган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет. Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0