Кыргызстанда топтолмо пенсиялык фонддор түзүлөт. Маңызы эмнеде?

© Sputnik / Жоомарт УраимовКурс валют сома
Курс валют сома - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы фонддордун түзүлүшү келечекте эмгекчилерге киреше табууга шарт түзөт.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мыйзам 26-июлда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Максаты — топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү КР мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү.

Анда каралган шарттар:

— акционердик коом түрүндөгү жаңы топтолмо пенсиялык фонддорду түзүү;

— Кыргызстанда ачык, корпоративдик жана кесиптик пенсиялык фонддорду киргизүү.

Ачык пенсиялык фонд — топтолмо пенсиялык фонд, иштеген жерине жана ишинин мүнөзүнө карабастан, кандай болбосун жеке жактар анын катышуучусу боло алат.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ өлкөлөрү мигранттарга пенсия төлөй баштайт. Жол-жобосу кандай болот
Корпоративдик топтолмо пенсиялык фонддор алуучулар — ошол топтолмо пенсиялык фонддун уюштуруучусу жана акционерлери болуп саналышкан бир же бир нече юридикалык жактардын кызматкерлери үчүн түзүлөт.

Кесиптик пенсиялык фонд — топтолмо пенсиялык фонд, анын уюштуруучусу (уюштуруучулары) юридикалык жактардын — жумуш берүүчүлөрдүн жеке жактардын бирикмеси, анын ичинде кесиптик бирликтердин бирикмеси боло алышат. Фонддун уставында аныкталгандай, алардын кесиптик ишинин (жумушунун) түрү боюнча байланышкан жеке жак гана андай фонддун катышуучусу боло алат.

Банктык эмес финансылык рынокту түзүүдө топтолмо пенсиялык фонддордун иши олуттуу ролду ойнойт.

"Топтолмо пенсиялык фонддор келечекте келип түшкөн каражат эмгекчилерге инвестициялык киреше алып келишине жетишүү максатында түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0