Кыргызстан Кытайга канча карыз? Акыркы маалыматтын графиги

Жазылуу
Акыркы 10 жылда Кытайга болгон карыз дээрлик 200 эсе өскөн. 2000-жылдарга чейин Кыргызстан коңшу мамлекеттен ири суммадагы карыз алган эмес.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча (2019-жылдын май айынын аягына карата), Кытайга болгон мамлекеттик тышкы карыз 1 миллиард 711,6 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинен кабарлашты.

Кыргызстандын тышкы карызы дээрлик 3,8 миллиард долларга барабар. Эгемендүүлүк алгандан бери мамлекеттик карыз жыл сайын кантип өскөнүн график түрүндө көрө аласыз. Белгилей кетсек, Каржы министрлигинин сайтындагы 2018-жылдын декабрь айына карата маалыматтар жоголуп кеткендиктен, ноябрь айындагы маалыматтар колдонулду.

Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карыз капсалаңы. Кытайдан акча алган өлкөлөрдүн тагдыры кандай болгон
Кыргызстан Кытайдын "Эксимбанкынан" алгачкы карызды 1992-жылы 5 миллион доллар көлөмүндө алган. 2000-жылы карыздан толугу менен кутулган. Бирок кийинки жылы кайтадан акча алууга туура келген. 2009-жылдан тарта Кытайдан алынган карыздын көлөмү кескин өсүп, 47 миллион долларды түзгөн. Ал эми 2010-жылы карыз 150 миллион долларды чапчыган. Ошентип 2019-жылдын майына карата Кытайдан алынган карыз 1,7 миллиард долларга жетти. Башкача айтканда, 2008-жылдан тарта алынган карыз 186 эсе өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0