Кыргызстандан чыгарылган акчанын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетти

© AFP / BAY ISMOYOАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейинки эң жогорку чек былтыр катталган болчу.

БИШКЕК, 6-авг. — Sputnik. Быйыл январдан май айына чейин Кыргызстандан жеке тараптар акча которуу системасы аркылуу дээрлик 210 миллион доллар чыгарган. Бул тууралуу Улуттук банк тараткан маалыматта айтылат.

Обращение сома в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Сомдун болуп көрбөгөндөй көлөмү бааны көтөрбөйбү? Cерепчилер эмне дейт
Бул көрсөткүч сыртка чыгарылган каражатты анализдей баштагандан тарта, 2005-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч. Мындай өсүштүн себеби айтылган эмес.

Буга чейинки рекорд 2018-жылы болуп, анда 196,2 миллион доллар чыгарылганы белгилүү болгон. Эң аз каражат 2005-жылы чыгарылып, анын көлөмү 8,2 миллион долларды түзгөн.

Улуттук банк өлкө аймагынан чыгарылган каражаттар кайда кетери тууралуу да маалымат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0