Эми жол кире төлөөгө зер буюмдар да "жарайт". Жаңы ыкмалар тууралуу

Жазылуу
Тендерди уткан компания электрондук билет системасын кантип ишке киргизе турганын айтып берди.

БИШКЕК, 2-авг. — Sputnik. Коомдук транспортко электрондук билет киргизилгенден кийин аны төлөөнүн бир канча ыкмасы да кирет. Бул тууралуу электрондук билетти киргизүү боюнча тендердин жеңүүчүсү ВРС AG (Швейцария) компаниясынын жетекчиси Арсен Кондахчан Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.

Кондахчандын айтымында, жол кирени компаниянын өзүнүн төлөө карталары менен төлөсө болот. Андан сырткары, мобилдик капчык жана банк карталарын колдонуу мүмкүнчүлүгү да каралган.

"Алгач компаниянын өзүнүн карталары менен гана төлөөгө болот. Себеби Бишкекте контактысыз банк карталарын колдонуу кеңири жайылган эмес. Жеңилдик каралган карточкалар да чыгарылат, ал пенсионер менен окуучуларга берилет. Биз буларды шарттуу түрдө гана карта деп айтып жатабыз, бирок NFC – контактысыз системасын колдогон ар кандай түзүлүш да жарай берет. Балким ал биздин билерик, керек болсо азем буюмдарыңыз да болушу толук ыктымал", — деди Кондахчан.

Электрондук билет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто коомдук транспорт электрондук билеттерди кабыл ала баштады
Ошондой эле карточканы жоготуп жиберсеңиз, анын ичиндеги акчадан кол жуубайсыз. Жаңы карточка сатып алып, жоголгон карточканын ичиндеги каражатты которуп алсаңыз болот.

Кондахчан бул долбоор туристтер үчүн да ыңгайлуу экенин айтты. Алар акчасын сомго алмаштырып отурбай эле банк картасы менен эле жол кирени төлөй берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0