Кыргызпатент: авторлорго төлөнгөн каражат көбөйүүдө

Жазылуу
Былтыркыга салыштырмалуу быйыл автордук сый акы 20 пайызга көп чогулган.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызпатент биринчи жарым жылдыкта авторлорго төлөнгөн акчанын көлөмү көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

Өкмөткө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мемлекеттик кызматынын экспертизалоо башкармалыгынын башчысы Артык Базаркулов - Sputnik Кыргызстан
Радио
Базаркулов: ишкерлерди өз товардык белгисин иштеп чыгууга чакырабыз
Ага ылайык, алты айдын ичинде чогулган автордук сый акынын көлөмү 4 миллион 693 миң 758 сомду түзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 20 пайызга көп.

Андан сырткары каттоого алынган интеллектуалдык менчиктин саны 707ни түздү. Аны менен катары 424 даана товардык белги каттоого алынган. Ал эми автордук укук боюнча катталган объектилердин саны 198ди түзгөн.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0