11:31 19 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8031
  • EUR77.6699
  • RUB1.0915
 Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынты боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кыргызстан менен Түштүк Корея кызматташуусу боюнча кол коюлган документтер. Тизме

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер Алиев
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
221 0 0

2019-жылдын 17-июлунда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Кореянын премьер-министри Ли Нак Ёндун Кыргызстанга болгон расмий сапарынын жыйынты боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— 2016-жылдын 11-июлундагы Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол;

— Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Корея Деңиз институтунун ортосундагы меморандум;

— Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Кореянын Тышкы иштер министрлигинин улуттук дипломатиялык академиясынын ортосундагы меморандум;

— Кыргызстан менен Корея өкмөттөрүнүн ортосундагы кайтарымсыз жардам көрсөтүү жөнүндө алкактык макулдашууга кошумча макулдашуу.

Эске салсак, 2019-жылдын 17-июлунда Түштүк Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген.

Тема боюнча

"Корея бизди кызыктырат". Абылгазиев менен Ли Нак Ён кызматташууну талкуулады
Кыргызстанга Түштүк Кореянын премьер-министри келди. Сүрөт
Белгилер:
тизме, макулдашуу, иш сапар, кызматташуу, Түштүк Корея, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ