Жашырып коюшкан. Салык кызматы текшерүүдөн кийин 7,7 млрд. сом тапты

Жазылуу
Салык кызматы жарым жылда 5 868 текшерүү жүргүзгөн.

БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы үстүбүздөгү жылдын 6 айында көмүскөдөгү 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салыкты таап чыкты. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, жарым жылда жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 5 868 текшерүү жүргүзүлгөн.

"Текшерүүнүн натыйжасында 7 миллиард 717,4 миллион сомдук салык жашырылганы аныкталды. Анын ичинен азыркы тапта 5 миллиард 874,7 миллион сому өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1 миллиард 566,2 миллион сомго же 76,1 пайызга көп", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле калган салыктарды (1 миллиард 316,4 миллион сом) өндүрүү үчүн 115 материал укук коргоо органдарына берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0