Эми Кыргызстанга иштетилбеген алмаздарды ташып кирсе жана алып чыкса болот

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүАсыл таштар. Архив
Асыл таштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кимберли процесси - өкмөттөр арасында ишке ашкан эл аралык демилге. Анын негизги максаты — мыйзамдуу жол менен казылып, иштетилген алмаздарды  дүйнөлүк рынокко алып чыгуу. 

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Кыргызстан Кимберли процессин сертификациялоо эл аралык схемасына кошулуп, тийиштүү чечимге өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Аталган чечим баалуу таштарды Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына ташып кирүү жана Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагынан ташып чыгуу жөнүндө Жобону ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

"Мындан улам, Кыргызстандын "Баалуу металлдар жана баалуу таштар жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, КР Кимберли процессин сертификациялоонун эл аралык схемасына кошулууга макулдугун билдирди.  Андан сырткары, Кимберли процессин сертификациялоонун эл аралык схемасын эске алуу менен, тиркемеге ылайык, иштетилбеген табигый алмаздарын Кыргызстандын аймагына ташып кирүү жана ташып чыгуу эрежелерин бекитүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.

Конок үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хан сарайды текейден арзан алгыңыз келеби? Күрөөдө калган мүлк кандайча сатылат
Кимберли процесси - өкмөттөр арасында ишке ашкан эл аралык демилге. Анын негизги максаты — дүйнөлүк рынокко мыйзамдуу жол менен казылып, иштетилген алмаздарды алып чыгуу. Кимберли процесси эл аралык уюм болуп саналбайт, анын туруктуу кеңсеси же туруктуу кызматкерлери жок. Буга кошулган мамлекет өзүнүн улуттук шарттарына, каада-салттарына жана алмаз рыногундагы ордуна ылайык улуттук сертификациялоо схемаларын иштеп чыгат жана ишке ашырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0