Чолпон-Ата шаарында VI эл аралык экономикалык форум өтөт

Жазылуу
Анда атамекендик жана чет элдик компаниялар түрдүү тармак боюнча кызматташууну талкуулайт.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө VI эл аралык экономикалык форум уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, иш-чара 2-август күнү Чолпон-Ата шаарында уюштурулат. Ага ондогон атамекендик жана чет элдик компаниялар катышып, түрдүү тармак боюнча кызматташууну талкуулашат.

Өткөн жылы аталган форумга Өзбекстан, Казакстан, Кытай, Россия жана Бириккен Араб Эмираттарынан 400дөн ашык адам келип, 34 миллион доллардан ашык акчага келишим түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0