Кыргызстан мамлекеттик карызга жыл башынан бери канча төлөдү

© AFP / MARK WILSONАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда тышкы бересе 3,7 миллиард доллардын тегерегинде.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстан 2019-жылдын алгачкы беш айында мамлекеттик карызды төлөөгө 10,7 миллиард сом жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлиги кабарлады.

"Январь-май айларында республикалык бюджеттен тышкы карызга — 5 миллиард 627 миллион сом, ички карызга — 5 миллиард 56 миллион сом бөлүндү", — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 31-майына карата маалыматка ылайык, мамлекеттик карыздын көлөмү 4 миллиард 453,86 миллион долларды түздү. Анын 3,7 миллиарды чет өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга төлөнүп берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0