Бишкекте ондогон корей компанияларынын өкүлдөрү чогулат

© Sputnik / Табылды КадырбековТүштүк Кореянын желеги. Архив
Түштүк Кореянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар финансы, саламаттык сактоо, IT, айыл чарба, курулуш, өнөр жай, билим берүү тармактары боюнча кызматташууну талкуулашат.

БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Борбор калаада кыргыз-корей бизнес форуму уюштурулат. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара 17-июлда өткөрүлөт.

Ага Түштүк Кореядан келген 50гө жакын компаниянын өкүлдөрү катышат. Ишкерлер Кыргызстан менен IT, финансы, саламаттык сактоо, айыл чарба, курулуш, өнөр жай, билим берүү тармактары боюнча кызматташууну талкуулашат.

Форумга ошондой эле эки өлкөнүн премьер-министрлеринин катышуусу да күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0