Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрү үчүн электр энергиясынын биржасы түзүлөт

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү электр энергиясын өндүрүүчүлөр өздөрүнөн ашканын сатыкка коё алат.

БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү операторлор үчүн электр энергиясын дүңүнөн сатууга биржа түзүү пландалып жатат. Бул тууралуу Өзбекстандын Энергетика министринин орун басары Шерзод Ходжаевдин сөзүнө таянып Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды.

Биржаны Ташкент шаарында куруу маселеси каралууда. Ал жакта Борбор Азия өлкөлөрүндөгү электр энергиясын өндүрүүчүлөр өздөрүнөн ашканын сатыкка коё алат. Бул товарды ыңгайлуу сатууга жана сатып алууга шарт түзмөкчү.

Токтогул суу сактагычы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтогул суу сактагычындагы абалдан улам электр энергиясын үнөмдөөгө чакырышты
Ходжаевдин айтымында, Өзбекстан аталган биржа аркылуу коңшу өлкөлөрдүн электр кубатын сатып алып, андан ары сатыкка коюуну көздөп жатат.

Бирок Кыргызстан электр энергиясын канчалык экспорттой алары белгисиз. Анткени быйыл Токтогул суу сактагычында суу аз, тагыраагы, 22-майга карата 13 миллиард 575 миллион куб метрди гана түздү. Туура бир жыл мурда бул көрсөткүч 15 миллиард 124 миллион куб метр болчу. Ал эми максималдуу көлөмү 19,5 миллиард куб метр болушу керек.

Андыктан "Электр станциялары" ААКсы элди электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0