18:37 20 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6517
  • EUR78.3651
  • RUB1.1079
Ысык-Көл. Архивдик сурөт

Россиядагы мигранттар Ысык-Көлдүн айылдарын өнүктүрүү үчүн фонд түзүшөт

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
164 0 0

Фонддун максаты — айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.

ЫСЫК-КӨЛ, 27-июн. — Sputnik. Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин аймактык кабарчысы билдирди.

Анын айтымында, Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда.

  • Встреча для создания фонда для развития сел в Иссык-Куле
    Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти.
    © Sputnik
  • Встреча для создания фонда для развития сел в Иссык-Куле
    Россиядан келген мигранттар Ысык-Көл облусунун айрым айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана район башчылары менен жолугушууда.
    © Sputnik
1 / 2
© Sputnik
Россияда иштеп ийгилик жараткан кыргызстандык мигранттар кичи мекени Ысык-Көлгө келип, айылдардын өнүгүшүнө кол кабыш кылуу үчүн фонд түзүү сунушун беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө мигранттардын аткарган иштери, алдыга койгон максаттары жана ийгиликтери тууралуу сөз болгон. Ошондой эле жер-жерлерде айылдарды өнүктүрүү фонддорун түзүү сунушу берилди. Анын негизги максаты — айылдардын социалдык абалын жакшыртуу.

"Фонддун ишин ага мүчө болгон жергиликтүү тургундар, көз карандысыз комиссия карайт. Андагы каражаттар айылдын муктаждыктарына жумшалат", — деди кабарчы.

Жолугушууга Россиядагы "Ысык-Көл ынтымагы" коомдук фондусунун мүчөлөрү Акбар Маразыков, Кубанычбек Осмонбеков, Руслан Алыбаев, Азамат Абылгазиев, Рустам Каримбеков жана бир катар өкүлдөр келген.

Тема боюнча

Ысык-Көлгө Өзбекстандан туристтер жана журналисттер учуп келди. Сүрөттөр
Белгилер:
айыл, фонд, Мигрант, Россия, Ысык-Көл

ЭҢ МААНИЛҮҮ