Финансы министрлиги: Балыкчы — Корумду жолу быйыл бүтпөйт, акча жок

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүВесенний ремонт автодорог
Весенний ремонт автодорог - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштери 2016-жылы башталган.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Балыкчы — Корумду жолун быйыл бүтүрүүгө бюджетте каражат жок. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Улукбек Кармышаков Жогорку Кеңеште депутат Максат Сабировдун суроосуна жооп берип жатып айтты.

"Бул жылдын эсебинен каржылоо башталды, бирок Транспорт министрлиги дагы 1 миллиард сом сурап жатат. Тилекке каршы, андай каражат жок. Кошумча булак табылып калса эле беребиз. Өткөн жылы бюждеттен бул жолго 1 миллиард 129 миллион сом бөлүнгөн", — деди Кармышаков.

Депутаттын айтымында, Балыкчы — Корумду жолунун башталышындагы, тагыраагы, Балыкчы шаарынын ичиндеги жети чакырымы былтыркы жылдан бери оңдолуп жатат. Ал эми андан аркысы ошол бойдон жатат.

Мындан тышкары, Сабиров республикалык бюджеттин эсебинен салынчу бир дагы жол аягына чыга элегине нааразы болду.

"Ысык-Көлдөгү Түп — Кеген жолун бюжетке алып, 12 жылдан бери бүтпөй жатат. Негизи эле бюджеттен бир дагы жол бүтүрө элекпиз, жалаң карызга акча алган жолдордун гана курулушу аягына чыгууда", — деди эл өкүлү.

Ош базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео - Sputnik Кыргызстан
"Ош" базарынын жанында казылган чуңкурдан улам тротуар түшүп кетти. Видео
Баса, Түп — Кеген жолу тууралуу айтсак, 2007-жылдан бери курулуп жаткан жолдун 76 чакырымы план боюнча үч жылда бүткөрүлүшү керек болчу.

Ал эми Балыкчы — Корумду жолун оңдоо иштери боюнча кыргыз өкмөтү менен кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын ортосунда 2015-жылы келишим түзүлүп, оңдоо иштери 2016-жылы башталган. Көп өтпөй подрядчы тандоо боюнча чуу чыгып, ал кездеги премьер-министр Темир Сариев кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0