Депутат: энергокомпаниялар жаңы электр линияларын өз эсебинен тартышы керек

© AFP / ROBERTO SCHMIDTЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү энергокомпаниялар электр энергиясын сатууну гана мыкты өздөштүрүп, аны элге жеткирүү жагын солгундатып жатканын билдирди.

БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоев энергетикалык компаниялар жаңы конуштарга электр линияларын өзүнүн каражатынан тартып барышы керектигин парламенттин жалпы жыйынында айтты.

Эл өкүлү "Электр энергетикасы жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун биринчи окууда сунуштап жатат.

Бокоев учурда энергокомпаниялары "биз болгону энергияны сатабыз, жаңы электр линияларын куруу биздин милдет эмес" деген түшүнүк менен жашап жатканын айтып, мыйзамга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи. Энергетика тармагында иштеген компаниялардын ушундай мамилесинен улам жаңы конуштар менен жаңы көчөлөрдө электр энергиясы жетпей, көйгөй көбөйүп кеткенин кошумчалады.

"Азыркы мыйзам менен биз электр энергиясын товар деп так аныктап алдык. Электр энергиясын сатып жаткан энергокомпаниялар электр линияларын өзүнүн эсебинен курушу керек. Жаңы абоненттерге «электр энергиясын жеткирүү - бул энергокомпаниялардын милдети» деп так жазылбай калгандыктан талаш-тартыш болуп келет", — деди депутат.

Эл өкүлү өз сөзүндө азыркы колдонулуп жаткан мыйзамдын 14-беренесинде "Лицензияга ээ тараптар өзүнүн аймагындагы бардык кардарларды электр энергия менен камсыздайт" деп жазылганын коушмчалады.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине караштуу кайра жаралуучу энергия бөлүмүнүн башкы адиси Бекнур Маратбеков - Sputnik Кыргызстан
Радио
Маратбеков: чакан ГЭСтер электр энергиясынын тартыштыгын жоёт
"Алыскы райондорго чейин электр энергиясын жеткирүү булардын (энергокомпаниялардын — ред.) милдети. Энергокомпаниянын жаңы электр линияларын курууга акчасы жок болсо кардарлардын акчасына курса болот деген норманы киргизип жатабыз. Анткени көптөгөн жаңы конуштардын тургундары өз эсебинен куруп, аны кийин баланска бере албай, же кеткен каражатын ала албай келишет. Ошондуктан жаңы абоненттердин акчасына куруп, кийин аны толук кайтарып бериши керек деген түшүнүктү киргизип жатабыз", — деди ал.

Бокоев ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары өзүлөрүнүн акчасы болсо, же инвестиция тартуу жолу менен энергия жабдууларын сатып алууга, орнотууга укуктуу деген норма камтылып жатканын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0