Кадыресе көрүнүш. Өкмөт эмнеге салык аз чогулуп жатканын түшүндүрдү

Жазылуу
Бир нече күн мурун финансы министри салык жана бажы тармагындагы жыйымдар боюнча көйгөй бар экенин билдирген.

БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. Салык жыйымдарынын төмөндөп кетиши ишкерликти колдоо үчүн жасалган аракеттерге байланыштуу. Бул тууралуу премьер-министрдин маалымат катчысы Адилет Султаналиев Facebook баракчасына жазды.

21-июнда президент Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жээнбаеваны кабыл алган. Министр салыктык жана бажылык жыйымдар боюнча артта калуулар байкалып жатканын билдирген. Президент болсо планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгилеген.

"Эгер өкмөттүн буга чейин бизнести текшерүүгө киргизген мораторийин жана салык жаатындагы жеңилдиктерин эске ала турган болсок, жыйымдардын азайып кетиши кадыресе эле көрүнүш", — деди Султаналиев.

Ал ошондой эле бул практикада болуп келген кырдаал экенин белгилеген. Султаналиевдин айтымында, премьер-министр салыктык жыйымдар боюнча тийиштүү маалыматтарды тез-тезден алып турат.

Президент КР Сооронбай Жээнбеков  - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков бизнесмендер менен күч органдарын сынга алды
"Салыктык жыйымдардын азайып кетишинин дагы бир себеби, бир нече жылдардан бери топтолгон көйгөйлөр. Буга байланыштуу Мухаммедкалый Абылгазиев тийиштүү жетекчилерге электрондук системаны ишке киргизүү үчүн аракеттерди күчөтүү тапшырмасын берген", — деди маалымат катчы.

Ал ошондой эле ЕАЭБден кошумча нарк салыксыз импорттолгон товарлар менен акциздер дагы салыктык жыйымдын жалпы көлөмүнө таасирин тийгизип жатканын белгиледи. Өкмөт мындай учурларды жоюу үчүн иш алып барууда.

Маалымат катчы ошондой эле салыктык жыйымдар жакынкы аралыкта өз калыбына келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0