Сооронбай Жээнбеков бизнесмендер менен күч органдарын сынга алды

Жазылуу
Президент ишкерлер менен мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен жыйын куруп жатат.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча комитеттин биринчи жыйынында күч органдары менен бизнесмендерди сынга алды.

Мамлекет башчы күч органдары Кыргызстанга 12 миллион доллар инвестиция салган швейцариялык бизнесмендин эсебин камакка алганын айтып, текшерүү иштери көптөн бери жүрүп жатканына ызаланды. Ал ошондой эле төлөнбөй жаткан салык темасына дагы көңүлүн бурду.

"Эреже бузуу аныкталгандан кийин ишкерлер салыгын толук төлөсө, текшере бербей кое бергиле", — деди президент.

Жээнбеков бизнесмендерге дагы кайрылып, салыкты убагында төлөөгө жана айлык акыны көтөрүүгө чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0