Кыргызстан бал жана мөмө-жемиш экспорттой алчу өлкөлөр. Тизме

© Sputnik / Медиабанкка өтүүМөмө жемиштер. Архив
Мөмө жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан эми мөмө-жемиш, сүт жана балды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкаркы мамлекеттерге да жөнөтө алмакчы.

БИШКЕК, 24- июн. — Sputnik. Сооронбай Жээнбеков Өнөр жай жана ишкерлик боюнча комитеттин биринчи жыйынында Кыргызстан атамекендик айыл чарба продукцияларын кайсы өлкөлөргө экспорттой аларын айтты.

Аталган комитет президент тарабынан түзүлгөн.

"Мөмө-жемиш, сүт жана балды ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары Кытай, Индия, Пакистан жана Иран мамлекеттерине да экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болду", — деди президент.

Эске салсак, жакында эле Кытай лидери Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон иш сапарынын жыйынтыгында 19 документке кол коюлган. Анын ичинде айыл чарба продукцияларын экспорттоо тууралуу да жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0