Абылгазиев: өлкөгө пайда-батасы жок 51 ишкана бар

Жазылуу
Өкмөт башчы компанияны өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыкпаган, демилге көтөрбөгөн жетекчилерге нааразы болду.

БИШКЕК, 21-июн. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдордун 2018-жылга жана үстүбүздөгү жылдын беш айы ичиндеги ишинин жыйынтыгы боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, кеңешмеде көпчүлүк мамлекеттик менчик объектилердин кирешеси төмөн бойдон калып, ал эми таза кирешенин суммасы кыскарып жатканы айтылган.

"Бул "Альфа Телеком", "ТНК "Дастан", "Ишкерликти өнүктүрүү фонду", "Нарын ГЭС", "Найман ГЭС" акционердик коомдоруна тийиштүү. "Бишкек машина куруу заводу" ААКы жана "Кепилдик фонду" ААКы сыяктуу компаниялардын чыгашасы 1,5-2 эсе көбөйгөн", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиевдин айтымында, мамлекетке караштуу компаниялардын кирешесин арттыруу өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Ал эми бүгүн мамлекеттик менчикти башкаруу кырдаалы өлкө экономикасынын кызыкчылыктарына жооп бербейт.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу жеңилдейт
"106 мамлекеттик ишкананын 51и рентабелдүү эмес. 52 акционердик коомдун ичинен 22 компания киреше алып келбейт. Биз ар бир объектинин ишин карап чыгышыбыз керек. Бюджетке жана экономикага пайда алып келбеген ишканаларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өнүктүрүү зарыл. Ошондо гана чыгашалуу ишканалардын киреше табуусуна, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө, салыктарды төлөөгө жетишүүгө болот", — деди премьер.

Өкмөт башчы компанияны өнүктүрүү боюнча конкреттүү чараларды иштеп чыкпаган, демилге көтөрбөгөн жетекчилерге нааразы болду. Анын айтымында, чыгашага башкаруунун чабалдыгы себеп.

Премьер-министр Экономика министрлигине жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу  фондусуна бир айлык мөөнөттө тиешелүү механизмдерин иштеп чыгуу менен ишенимдүү башкарууга бериле турган мамлекеттик менчиктеги объектилердин тизмесин даярдоону тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0