Өлкөгө келген тикелей инвестициянын абалы кандай? Статкомдун маалыматы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКупюры американских долларов.
Купюры американских долларов. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Келип түшкөн инвестиция агымы чыгып кеткенге караганда 6,9 миллион долларга арбын.

БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Быйыл январь-март айларында 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чет өлкөлүк тике инвестициялардын келип түшүү агымы 176,7 миллион долларды түздү. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлашты.

"Бул көрсөткүч былтыркыга караганда 48,9 пайызга өскөн. Өлкөгө кирген акча сыртка агылышына караганда 6,9 миллион долларга ашты. Чет өлкөлүк тике инвестициялардын түзүмүндө өткөн жылдын I кварталына салыштырмалуу резидент эместерден алынган кредиттердин, ошондой эле соода насыясынын көлөмүнүн көбөйүшү байкалган", — деп айтылат маалыматта.

Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Минус 7ден 38 пайызга секирген инвестиция. Абылгазиевдин өкмөтү ката эсептедиби?
Чет өлкөлүк тике инвестициялардын негизги көлөмү (92 пайыздан көбү) геологиялык чалгындоого, пайдалуу кендерди казуу ишканаларына, маалымат жана байланышка, дүң жана чекене соодага багытталган. Андан сырткары, өндүрүш ишканалары, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу чөйрөсү көз жаздымда калган эмес.

Инвестициянын кайсы өлкөдөн келгенин аныктай келгенде Кытайга, Нидерландга, Улуу Британияга, Түркияга жана Швейцарияга туура келгендиги маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0