"Дастан" ишканасынын тракторлорун Өзбекстан сатып алмай болду

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүТрактор заводу. Архив
Трактор заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл чарба техникасын жергиликтүү компания россиялык ишкана менен биргеликте чыгармакчы.

БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. "Дастан" трансулуттук компаниясынын россиялык "Трактор" компаниясы менен биргеликте чыгарган айыл чарба техникасы Өзбекстанга экспорттолот. Маалыматты аталган компания таратты.

Белгилей кетсек, "Дастан" менен "Трактордун" ортосундагы келишим 2019-жылдын апрелинде түзүлгөн.

"Өзбекстандын DGT 3X MEVA-SBZAVOT KLASTERI компаниясы менен 6-8-июнь күндөрү келишимге кол коюлган. Анда минитрактор, ар кандай жабдууларды экспорттоо каралган. Биринчи партия менен коңшу өлкөгө 10 трактор жөнөтүлөт. Кийин бул көрсөткүчтү 100гө жеткирүү пландалган", — деп айтылат маалыматта.

Билдирүүдө жергиликтүү компания россиялык ишкана менен мындан ары да кызматташа турганы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0