04:29 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Жер семирткич. Архив

Кыргызстанда жер семирткич чыгарган завод куруу пландалууда

© Sputnik / Виталий Тимкив
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
288 0 0

Министр завод курууга кызыкдар болгон Кытай компаниясынын өкүлү менен жолукту.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Кыргызстанда органикалык-минералдык жер семирткич чыгарган завод куруу пландалып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Эркинбек Чодуев аталган маселени талкуулоо үчүн "Бэй Доу Цзя" аттуу Хэбей компаниясынын төрагасы Чжао Сюецзюнь менен жолукту.

Министр бул долбоорду ишке ашырууга бардык күчүн жумшай турганын белгиледи.

Ал эми Чжао Сюецзюнь дагы долбоорду ишке ашыруу боюнча маселелерди чечүүгө кызыкдар экенин айтты.

Учурда Кыргызстан жер семирткичтерди Өзбекстандан импорттоп келет.

Тема боюнча

7 млрд. долларлык келишимдер. Кыргыз-кытай бизнес-форумунда кол коюлган документтер
Мирзиёев: бизде Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун курууга бардык шарт бар
Белгилер:
завод, жер семирткич, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ