07:45 26 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.7882
  • EUR77.2311
  • RUB1.0638
 ШКУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери

12 өлкөнүн лидерлери Кыргызстан үчүн эң маанилүү маселени көтөрдү

© Sputnik / Алексей Дружинин
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (61)
5596 0 0

ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ачык типтеги экономиканы түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. ШКУ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эл аралык соода жүгүртүүдө өз өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн башка мамлекеттерге чектөөлөрдү киргизбеши керек деген бүтүмгө келишти. Бул тууралуу ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов билдирди.

Эске салсак, 2017-жылдан бери Кыргызстандын жүк ташуучу унаалары Казакстандын аймагына өтүүдө тоскоолдуктарга учурап келет. Айрым эксперттер Нур-Султан муну өзүнүн өндүрүүчүлөрүн коргоо максатында жасап жатканын болжоп келишет.

"ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери ачык типтеги экономиканы түзүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле мамлекеттер өндүрүүчүлөрүн коргоо үчүн башка мамлекеттерге чектөөлөрдү киргизбеши керектиги белгиленди", — деди Норов.

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ШКУга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммити жыйынтыкталды. Ага катышуу үчүн жана байкоочу катары Кыргызстанга тогуз президент менен эки премьер-министр келген.

ШКУга Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Индия, Кытай, Пакистан мамлекеттери мүчө. Ал эми Белоруссия, Афганистан, Монголия жана Иран байкоочу макамына ээ.

Sputnik Кыргызстан саммиттен тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Тема:
Бишкектеги ШКУнун саммити – 2019 (61)

Тема боюнча

Токаев: Кыргызстан ШКУ саммитине мыкты төрагалык кылууда
Жээнбеков: ШКУга коркунуч жараткан үч жагдай бар
Бишкектеги ШКУ саммити. Президенттердин отурумунун толук видеосу
Белгилер:
Экономика, соода, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ