Статком: экономика көтөрүлүп, баалар арзандады

Жазылуу
Тармактар боюнча айта кетсек, айыл чарбасында реалдуу өсүү — 1,7 пайызды, курулушта — 5 пайызды, дүң жана чекене соодада — 4,4 пайызды түзгөн.

БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. 2019-жылдын январь айынан тарта майга чейин Кыргызстанда ички дүң продукциянын көлөмү 184 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,6 пайызга өстү. Бул тууралуу КРдин Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Айтылган көрсөткүчтүн басымдуу бөлүгүн өлкөдөгү эң ири салык төлөөчү "Кумтөр" кен казуу ишканасы түзөт.

"Аны кошпогондо ички дүң продукциянын көлөмү 161 миллиард сомдон ашып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 пайызга өстү", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми тармактар боюнча айта кетсек, айыл чарбасында реалдуу өсүү — 1,7 пайызды, курулушта — 5 пайызды, дүң жана чекене соодада — 4,4 пайызды түздү.

Ошондой эле күнүмдүк колдонулуучу товарларга баа жана тарифтер 0,3 пайызга төмөндөгөнү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0