Кытай Кыргызстанда ири долбоорлорду ишке ашырууга убада берди

Жазылуу
Ушул тапта Кытай президенти Кыргызстанда мамлекеттик сапары менен жүрөт.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай Кыргызстанда ишке ашырып жаткан долбоорлордун санын көбөйтүүгө даяр. Бул тууралуу Китай лидери Си Цзиньпин президент Сооронбай Жээнбеков менен жолуккан учурда билдирди.

Анын айтымында, бир катар документтерге кол коюлду. Тараптар мындан ары дагы кызматташуусун бекемдеп, экономикалык жана инвестициялык мамилелерди улантууга даяр.

"Кытай Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп, кыргыз элине пайдасы тийчү дагы көптөгөн ири долбоорлорду ишке ашырууга даяр", — деди Кытай лидери.

Эске салсак, Си Цзиньпин Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген. Эки тараптуу жолугушуулардын алкагында маанилүү делген 20га чукул документке кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0