Кыргызстан быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун экспорттоону пландап жатат

© Sputnik / Амир Исаев / Медиабанкка өтүүКоон. Архив
Коон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайлык ишкерлер Кыргызстандын айыл чарба азык-түлүктөрүнүн табигый жактан сапаттуулугуна кызыгууда.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кытай ишкерлери Кыргызстанга агропарктарды курууга кызыкдар. Бул туурасында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, министр Эркинбек Чодуев кечээ, 12-июнда, "Хара Кытай" эл аралык компаниясынын өкүлү Гао Цзюнь менен жолуккан. Анын алкагында Кыргызстандан Кытайга азык-түлүктөрдү экспорттоо, импорттоо жана узак убакытка сактоочу чоң көлөмдөгү муздаткыч, кайра иштетүүчү ишканаларды куруу тууралуу талкууланган.

"Быйыл Кытайга кокон гилас, коон жана ун сатууга келишим түзүп жатабыз. Мындан ары мөмө-жемиштерден өрүк, жүзүм жана төө буурчак, ошондой эле кургатылган сүттү экспорттоо пландалууда", — деп айткан Чодуев.

Кытай тарап Кыргызстандын айыл чарба продукцияларынын табигый жактан тазалыгына кызыгууда. Алдыда алма, кара өрүк, жүгөрү, кумшекер жана башка азык-түлүктөрдү да сатуу пландалып жатканы белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0