Улуттук банктагы алтындын запасы эң жогорку көрсөткүчкө жетти

Жазылуу
Былтыркы жылдын аягында Улуттук банкта 11 тоннага чейин алтын бар болчу.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук банкындагы алтындын запасы 1-майга карата 36 миллиард сомду түзгөн. Бул тууралуу каржыны жөнгө салуу мекемесинин сайтында жазылган.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эми жарандар бюджетти түзүүгө катыша алат. Жол-жобосу
Билдирүүгө ылайык, апрель айынын башына салыштырмалуу алтындын запасы 350 миллион сомго көбөйгөн. Бул бардык маалыматтар ачык, жеткиликтүү болуп калган убакыттан, тагыраагы, 2008-жылдан берки рекоддук көрсөткүч.

2008-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын 2,5 миллиард сомго бааланган алтыны бар экени айтылган.

Андан соң бул сан жогорулай баштаган. Былтыркы жылдын ноябрь айында Улуттук банктагы алтындын кору 10,8 тонна болчу. Негизи баалуу таштын көпчүлүк бөлүгү 2011-жылы сатып алынган.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармап турууга мүмкүнчүлүк берет.

Резерв ондон ашык валютадан жана алтындан турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0