Казакстан эмки айдан тарта Кыргызстанга бензин жөнөтө баштайт

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүПовышение акцизов на дизельное топливо и бензин в Москве
Повышение акцизов на дизельное топливо и бензин в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов өкмөттү күйүүчү май жеткирүү боюнча келишимге эртерээк кол коюуга чакырды.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Казакстан кийинки айдан баштап Кыргызстанга бензин экспорттоону пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын энергетика министринин орун басары Махамбет Досмухамбетовго таянуу менен Sputnik Казакстан жазды. 

"Эмки айда Кыргызстанга алгачкы товар жөнөтүлөт", — деди Досмухамбетов журналисттерге.

Эске салсак, 2018-жылдын 4-октябрында Казакстан менен Россиянын энергетика министрлери Канат Бозумбаев менен Александр Новак бензин экспортуна болгон эмбаргону жоюу каралган соода-экономикалык кызматташуу боюнча макулдашууга өзгөртүү киргизүү боюнча өкмөттөр аралык протоколго кол коюшкан.

Председатель Ассоциации отечественных производителей Бакыт Дегенбаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Дегенбаев: экспортту өнүктүрүүгө сооданы жакшы түшүнгөн дипломаттар керек
2018-жылдын соңунда Казакстандын энергетика министри Канат Бозумбаев өлкө экспортту белгиленген мөөнөттөн кечирээк баштай турганын айткан.

Ал эми ушул жылдын май айында Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов өкмөттү күйүүчү-майлоочу май боюнча келишимге эртерээк кол коюуга чакырган. Анын айтымында, узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн улам Казакстан мунай затты ЕАЭБден тыш Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан жана башка мамлекеттерге экспорттоону макулдашууга жетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0