Минус 7ден 38 пайызга секирген инвестиция. Абылгазиевдин өкмөтү ката эсептедиби?

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр КР Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери өкмөт инвестициянын көлөмү 7,6 пайызга түшүп кетти деп коңгуроо кагып жатып, бирок бат эле анын 38 пайызга өскөнүн айтып чыгышты. Мындай өсүшкө биз эле эмес, кесипкөй экономисттер дагы таң калып жаткан кез.

25-апрель күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте өкмөттүн 2018-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчёт берип жатып, былтыр чет элдик түз инвестициянын көлөмү 7,6 пайызга төмөндөп кеткенин айткан. Атүгүл ал муну "Кыргызстандагы гана эмес, бүтүндөй дүйнө экономикасындагы көйгөй" деп түшүндүргөн.

Бирок бир нече күн мурда, тагыраагы, 27-майда, Улуттук статистика комитетинин сайтына таптакыр башкача маалымат чыкты. Анда "такталган маалыматтар боюнча инвестиция 38,1 пайызга өсүптүр" деп айтылды.

Системанын жарымын өзгөртөм. Министр болгон Чодуев дагы эмнени убадалады? Видео - Sputnik Кыргызстан
Системанын жарымын өзгөртөм. Министр болгон Чодуев дагы эмнени убада кылды? Видео
Негизи эле инвестициянын азайгандыгы жөнүндө 2018-жылдын январь-сентябрь айларынын жыйынтыгы чыгаары менен айтылган. Анда экономика министри Олег Панкратов менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулуна сөгүш жарыяланган. Ошол эле учурда жергиликтүү ЖМКлар өкмөттүн өзүн сынга алышкан.

Ал эми май айынын 24үндө экономика министри Олег Панкратов өз арызы менен кызматтан кетти. Бул кадамын министр "экономикадагы кемчиликтер үчүн президент, премьер жана депутаттар тарабынан көп сын айтылгандыктан" жасаганын билдирди.  

Бул окуядан үч күн өткөн соң Улуттук статистика комитети "ишканалар тактап берген маалыматты текшерип чыгып" инвестиция 7,6 пайызга (569,8 миллион доллар) азайбай эле, тескерисинче, 38,1 пайызга (851,7 миллион доллар) өскөнүн жар салды.

Мындан улам сандардын мынчалык тез өсүп кетишине коомчулук, депутаттар тарабынан өкмөттүн ишине айтылган сындар себеп болгон жокпу деген суроо туулат.

Өкмөттүн эсепчилери бир нече ай мурда мынчалык чоң өсүү бар экенин эмнеге байкабай калышы мүмкүн деген суроо менен Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулуна кайрылдык. Ал бул нерсе мыйзам ченемдүү көрүнүш деп эсептээрин айтты. 

© Sputnik / Табылды КадырбековИнвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу
Минус 7ден 38 пайызга секирген инвестиция. Абылгазиевдин өкмөтү ката эсептедиби? - Sputnik Кыргызстан
Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулу

"Улуттук статистика комитети буга чейин алдын ала, такталбаган маалыматтарды берген. Расмий маалымат жыл сайын эле май айынын аягында, июндун башында чыгат. 851,7 миллион доллар объективдүү эле сумма. Анткени жыл сайын Кыргызстанда инвестициянын көлөмү 600-800 миллион доллардын тегерегинде болуп келет", — деди Адилбек уулу.

Евро жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Cот реформасына бөлүнгөн 14 млн. евро грант "жоголду". Иликтөө башталды
Анын айтымында, өлкөдөгү акционердик коомдор, банктар өткөн жылды жыйынтыктоочу иш-чараларды март, апрель айларында өткөрүп, Улуттук статистика комитетине маалыматтарды май айында беришет экен. Андыктан расмий маалымат эми гана белгилүү болуп жатыптыр.

Анда өкмөт эмнеге алдын ала маалыматтарды жарыялап, элге жаман көрүндү?

Экономист Искендер Шаршеевдин пикиринде, буга адистердин көпчүлүгүнүн чала сабаттуулугу себеп. 

© Фото / Айжамал КондучаловаЭкономист Искендер Шаршеев
Минус 7ден 38 пайызга секирген инвестиция. Абылгазиевдин өкмөтү ката эсептедиби? - Sputnik Кыргызстан
Экономист Искендер Шаршеев

"Кыргызстанда мамлекеттик кызматтагы кризис байкалууда. Ишин мыкты өздөштүргөн адистер өкмөттүк жумушка барбайт. Биринчиден, айлыгы аз. Экинчиден, карьералык өсүштө профессионалдык эмес, башка сапаттарга артыкчылык берилет. Андыктан ал жакта чыныгы профессионалдардын саны 2 пайызга гана барабар. Демек, адистердин аздыгынан улам даярдалган документтерде каталар көп кетет", — деди Шаршеев.

Ал эми Бизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев сандардын кескин өсүшү чындап эле табышмактуу экенине токтолду. 

© Sputnik / Табылды КадырбековБизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев
Минус 7ден 38 пайызга секирген инвестиция. Абылгазиевдин өкмөтү ката эсептедиби? - Sputnik Кыргызстан
Бизнес жана базарлар ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев

"Эгер менин бухгалтерим эки ай мурда биздин компанияга салым кошуп жаткан тарап каражаттын көлөмүн 7,6 пайызга азайтып ийгенин айтып, эми "ой, кечирип койгула, бизде көрсө 38 пайыз өсүш болуптур, билбей калыптырмын" десе, ал жок эле дегенде жумуштан кетмек. Мен эсепчинин ишин текшерип бергиле деп тиешелүү органдарга кайрылмакмын. Муну жеке ишкананын мисалында салыштырмалуу айттым", — деди экономист.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Момбеков: "бажа гейт" аяктай электе "бажы гейт" чыкты
Ал эми Улуттук статистика комитети инвестициянын агымын кандай жол менен эсептей турганын билбестигин, балким адамдык фактор болушу мүмкүн деген божомолун келтирди.

Экономист сөзүнүн аягында "анда алдын ала айтылган, такталбаган маалыматтар" үчүн сөгүш алган жетекчилерди мындай өсүш болгон соң, тескерисинче, мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү керектигин айтып тамашалады.

Тамаша тамашасы менен, бирок 38 пайыздык өсүш бир ай мурда байкалбай кайда катылып жаткандыгы тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Бул боюнча Улуттук статистика комитети кененирээк түшүндүрүп берет деген ойдобуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0