Аз болсо да... Өлкөнүн мамлекеттик карызы 12 млн. долларга кыскарды

© AFP / ERNESTO BENAVIDESАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөнүн тышкы карызы — 3 миллиард 792 миллион, ичкиси — 660 миллион долларды түзөт.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. 2019-жылдын алгачкы үч айлыгында мамлекеттик карыздын (ички жана тышкы) көлөмү 12 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу маалымат Финансы министрлигинин сайтына жарыяланды.

"Жылдын башында мамлекеттик карыз 4 миллиард 464 миллион сомду түзсө, 31-март күнү бул көрсөткүч 4 миллиард 452 миллионго түштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин мамлекеттик бересенин көлөмү 2018-жылдын февраль айында кескин кыскарган. Анда Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын кечкен.

31-марттагы маалыматка караганда, КРдин тышкы карызы — 3 миллиард 792 миллон долларды (85 пайыз), ичкиси — 660 миллион долларды (15 пайыз) түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0