Жаратылышты коргоого бюджеттин 0,7 пайызы гана жумшалат

Жазылуу
Жыл сайын бюджеттен жаратылышты коргоо иш-чараларына 200 миллион сом каралат, бирок бул каражат жетишсиз.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстандын жаратылышын коргоого каражат бөлүүдө көйгөйлөр бар. Бул маалыматты Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин Биоартүрдүүлүктү сактоо департаментинин директору Алмаз Мусаев айтты.

"Жыл сайын бюджеттен жаратылышты коргоо иш-чараларына 200 миллион сом каралат. Бул жалпы бюджеттин 0,7 пайызы. Албетте, бул каражат жетишсиз. Бизде үч багыт финансылоого өтө муктаж. Алар — кызматкерлердин айлыктары, илимий ишмердүүлүк жана техникалык иш-чаралар", — деп айтты ал.

Факты незаконной вырубки лесов. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Токой чарбасы агенттигиндегилердин көбү жазаланып, кээ бири кызматтан кетти
Айтмакчы, 22-май - Биологиялык түрдүүлүк күнү. Ал эми Кыргызстанда бул датага карата атактуу "Сары-Челек" коругунун түптөлгөндүгүнүн 60 жылдыгын белгилешти. Аталган жай мындан 40 жыл мурда ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген.

Мусаев Айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги менен Финансы министрлиги аталган тармакты каржылоо боюнча планды иштеп чыгып жаткандыгын кошумчалады. Анын айтымына караганда, 2019 жана 2021-жылы жаратылышты коргоо тармагына бюджеттен карала турган каражаттын көбөйүшү күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0