15 млн. евролук келишим. Бишкекте Суу форуму өтүп жатат

Жазылуу
Келишимдер өлкөнүн түштүгүндөгү суу менен камсыздоо системасын жакшыртууга багыттлаган.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Бишкекте "Аймактар үчүн таза суу" аттуу форум өтүп жатат. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышууда.

Иш-чарага Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын президенти Сума Чакрабарти, министрликтердин, ведомстволордун, жергиликтүү органдардын жетекчилери, суу менен камсыздоо боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору жана донордук коомчулуктун өкүлдөрү келген.

Село Катран Ляйлякского района Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: 608 айылды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 34 миллиард сом керек
Форумдун катышуучулары суу менен камсыздоо секторун, санитария жана ирригация маселелерин жакшыртууга багытталган конкреттүү аракеттерди талкуулашат.

Жыйындын алкагында кыргыз өкмөтү менен Европанын реконструкция жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Мырза-Аке, Куршаб жана Дөң-Булак айылдарынын суу менен камсыздоо системасын реабилитациялоо жана Жалал-Абаддын суу системасын жакшыртуу боюнча келишимге кол коюу күтүлүүдө.

Эки долбоордун жалпы суммасы 15 миллион евродон ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0