Эл аралык банк Кыргызстандагы чакан бизнес боюнча форум өткөрөт

Жазылуу
Форумдун алкагында кызматташуунун ар кандай жолу талкууланат.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкы Бишкекте "Чакан бизнес — ийгиликке бирге" деп аталган инвестициялык форум өткөрөт. Бул туурасында Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Форум 31-майга белгиленген. Ага катышууга чакан жана орто бизнес менен алектенип жүргөн өкүлдөрү чакырылууда.

"Салттык каржы булактарына жол ачуу жана башка мүмкүнчүлүктөр менен каражат табуу жолдору ортого салынат. Ошондой эле техникалык жана консультациялык маалыматтарды алуу маселелери талкууланат", — делет билдирүүдө.

Мындан сырткары, коммерциялык банктар менен кызматташуу жана бизнес ачуу боюнча маалымат алууга аянтча түзүлөрү айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0