10 сомго кымбат түшкөн кызмат... ӨКМ өткөргөн тендердин айланасындагы чыр

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүЗым тор орнотуп жаткан кызматкер. Архив
Зым тор орнотуп жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Конкурстук комиссиянын жыйынтыгына ишкер нааразы болуп, укук коргоо органдарына кайрылууда.

БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2019-жылдын февраль айында зым торлорду сатып алуу боюнча 7 миллион 723 миң сомго тендер жарыялаган. Ага ылайык, уткан ишкана бул суммага 12 545 даана тор даярдап бермек. Алар өлкө аймагында кооптуу делген дарыя, суу жээктерин бекемдөөгө колдонулмак.

Бирок сынактын төрт катышуучусу тең талаптарга жооп бербегендиктен тендер толук соңуна чыккан эмес. Ага үч жеке жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы бир ишкана ат салышкан.

Село Каджи-Сай Тонского района Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Кажы-Сайда уранда иштегендер айлык ала албай убара. Чоо-жайы
Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен эң төмөнкү бааны — 4 миллион 892 миң 550 сомду "Г-Т" аттуу жоопкерчилиги чектелген коом сунуштаган. Ал эми ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түштүк борбору ишти 6 миллион 523 миң сомго бааласа, калган эки ЖЧК салыштырмалуу кымбат наркты айткан.

Жыйынтыгында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тендерлик комиссиясы катышкан бардык тараптар сынактык документтерге, квалификациялык талаптарга жооп бербейт деп чечим чыгарган.

"Катышкандар сынактык документтерге жана квалификациялык талаптарга жооп бербей, четке кагылды. Эки жеке ишкананын габион торчосун токуу жаатында тажрыйбасы жок болсо, үчүнчү ЖЧК чыгым тарткан уюм экен. Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча Түштүк борборунун социалдык төлөмдөрү боюнча карызы бар болуп чыкты. Ушул себептен бардык өтүнмөлөр четке кагылып, "Мамлекеттик сатып алуулар" жөнүндөгү мыйзамдын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктунун негизинде сынак жокко чыгарылган", — дешти министрликтен.

Ошентип тендерге катышуучулар тарап кетишкен. Кийин ӨКМ так ошол тендерди 10-апрелде кайра жарыялайт. Бул ирет сынакка баягы төрт ишкананын экөөсү гана катышат. Алар — "Г-Т" жоопкерчилиги чектелген коому менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борбору.

Анда 12 545 даана габион торду даярдоо үчүн жеке ишкана 4 миллион 767 миң 100 сомду, ӨКМдин Түштүк борбору 4 миллион 892 миң 550 сомду сунуштаган.

Советник Президента КР на общественных началах Дастан Догоев - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоонун мурдагы башчысы Дастан Догоев кармалдыбы? УКМКнын жообу
Мындайча айтканда, "Г-Т" ЖЧКсы министрликтин алдындагы ишкананын көрсөтө турчу кызмат акысынан 125 миң сомго арзан жасап, бир габион торду 380 сомдон бүтүрүп берүү ниетин билдирген.

Алардын документтерин ӨКМдин кызматкерлеринен куралган комиссия 2-майда карап чыгып, министрликтин алдындагы ишканага буюртманы аткаруу вазийпасын жүктөйт. Ош облусунда жайгашкан ал мекеме бир габион торду 390 сомдон жасамай болгон.

Тендерде төмөн баа сунуштап утулуп калган жеке ишкер комиссиянын чечимине нааразы болуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылып коңгуроо кагууда.

ЖЧКнын башкы директору Рысбек Учкеевдин айтымында, атаандашы сунуштаган суммадан 1 миллион 600 миң сом арзан баа көрсөтсө да анын компаниясы тендерде утулуп калган.

"Биздин ишкана эки тендерде тең өзүбүздүн кызмат көрсөтүүбүз үчүн эң арзан баа сунуштады. Биринчи сынакта эле биз Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борбору берген баадан 1 миллион 600 миң сом арзан сумманы көрсөткөн болчубуз. Комиссия биздин ЖЧКнын габион торун токуу боюнча тажрыйбасы аз деген чечим чыгарган. Биз жыл башында ачылганыбыз менен чет өлкөдөн атайын техникаларды алып келгенбиз. Эгер мамлекет тендерлерди дайыма ушундай өткөрсө, жеке ишкерлер өнүгө албайт", — деди Учкеев.

Ал ошондой эле жеңген ишкана буга чейин ӨКМдин көптөгөн тендерлерин утуп келгендигин, аталган министрлик тендер өткөрүүдөгү коррупциялык тобокелчиликтерге көңүл буруусу зарылдыгын кошумчалады.

Акча кармап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: Каттоо кызматынын айрым жетекчилери коррупцияга шектелип кармалды
Ал эми аталган тендерди утуп алган ӨКМдин алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунун жетекчиси Тариел Келдибеков буга чейин эле министрликтин ушул өңдүү буюртмаларын аткарып келгендигин айтат.

"Өзүбүздүн цехибиз бар, Ошто габиондук торлорду жасап бардык аймактарды камсыздайт. Тендердеги талаптардын бардыгына жооп берип утуп алдык. Өткөн жылы ошол торлордун бир даанасын 590 сомдон жасап келгенбиз, быйыл атаандаштар чыгып 390 сомдон жасамай болдук. Бааны аныктоодо салык, ишканага калчу киреше эске алынат. Бул тендер да, талаптарга жооп бергендер утат", — деди Келдибеков.

Жеңүүчүлөрдү аныктаган конкурстук комиссия калыс чечим чыкканын белгиледи.

"Г-Т" тажрыйбасы жок жана чыгым тарткан ишкана катары өтүнмөсү четке кагылган. Комиссиянын курамына кирген беш адамдын максаты — конкурстун катышуучуларына бирдей, эч кимге тартпай баа берүү. Ошол үчүн конкурстук талаптар бардыгына бирдей болду", — дешти комиссиядан.

Жээнбеков көлдүктөргө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты. Видео - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков көлдүктөргө коррупция менен кантип күрөшүү керектигин айтты. Видео
Чыр-чатак менен коштолгон тендерде бир кызык жагдай бар. Анда буюртманы аткаруу милдетин алган борбор алгачкы сынакта кызмат көрсөтүү акысын 6 миллион 523 миң сом деп көрсөтүп, экинчисинде 4 миллион 892 миң 550 сомго төмөндөткөн. Ошентип мамлекеттик ишкананын жасай турчу жумушунун акысы эки айдын ичинде эле 1,6 миллион сомго арзандаган. Эгер башка ЖЧКлар аталган тендерге катышпаганда, ӨКМдин алдындагы борбор жылдагы бир габион торду 590 сомдон жасап бермек.

Тендердин шартына ылайык, ишкана 2019-жылдын ичинде 12 545 даана габион тор менен ӨКМди камсыздоосу зарыл. Туурасы менен бийиктиги бир, узундугу эки метрлик болуп даярдалган торлор таш менен толтурулуп өлкө аймагында кооптуу делген суу, дарыя жээктерин бекемдөөгө жумшалмак.

Sputnik Кыргызстан агенттиги окуянын жүрүшүнө көз салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0