ТИМ: Кытай Кыргызстандагы ири долбоорлорго колдоо көрсөтөт

Жазылуу
Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу үчүн 20 миллиарддан ашык доллар керек.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Кытай Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга карата Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууда колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кытайдын ТИМ башчысы Ван И менен болгон жолугушуудан кийин билдирди.

Кытайдын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Эки мамлекеттин тышкы саясат боюнча ведомстволорунун башчылары жолугушууларды өткөрдү.

"Биз "Бир алкак — бир жол" стратегиясы менен чогуу Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашырууда Кытайдын колдоосу боюнча маселени талкууладык. Кытай тарап ири улуттук долбоорлорду ишке ашырууда колдоо көрсөтөт. Анын ичинде ирригациялык системаларды жана "Таза суу" долбоорун өнүктүрүү да бар. Тийиштүү органдардын өз ара макулдашуулары жүрүп жатат", — деди Айдарбеков.

Андан сырткары, тараптар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду куруунун маанилүүлүгүн да талкуулашкан.

Рабочее совещание по обсуждению текущего исполнения государственного бюджета правительством КР - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков улуттук стратегиянын аткарылышын өзү көзөмөлдөрүн айтты
Өз кезегинде Ван И Кытай кыргыз тараптын туруктуулугун, экономикалык жактан өнүгүшүн, элдин жашоо турмушунун жогорулашын такай колдой турганын айтты.

"Биз өз мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жакшы дос, мээримдүү коңшу катары колдон келген жардамды беребиз", — деди Ван И.

Кыргызстанга Туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруу үчүн 20 миллиард 804,4 миллион доллар керек. Анда 244 долбоор каралып, экономиканын 12 тармагын камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0