ЖАМК: мамлекетке 2,5 млн. сом чыгым келтирген кызматкерлер аныкталды

Жазылуу
Коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында №31 колонияга ички иликтөө жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Молдовановкадагы №31 колония мамлекеттик бюджетке ири суммадагы чыгым келтиргенин аныктады. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, коррупцияга каршы күрөшүү иштеринин алкагында №31 колониянын аудити менен администрациясы ички иликтөө жүргүзгөн.

"Натыйжада №31 колониянын бухгалтериясынын мурдагы кызматкерлери мамлекетке 2 миллион 476 миң сом чыгым алып келгени аныкталды. Учурда алар 1 миллион 461 миң 387 сомду кайтарып беришти", — деп айтылат маалыматта.

Учурда топтолгон материалдар ЖАМКнын тергөө башкармалыгына өткөрүлүп, факты Кылмыштар жана жоруктар жөнүндөгү бирдиктүү реестрге Кылмыш жаза кодексинин 205-беренеси ("Ишенип берилген каражатты коротуу") боюнча каттоого алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0