Айдоочулар 70 млн. сом айыпка жыгылган. "Коопсуз шаардын" үч айда чогулган акчасы

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүВведение ОСАГО в Кыргызстане
Введение ОСАГО в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол эрежелерин бузган айдоочуларга жазылган айып пулдун азырынча 44,5 пайызы төлөнгөн.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Үч ай ичинде "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында айдоочулар 70 млн. сом айыпка жыгылган. Бул туурасында Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктан кабарлашты.

Аталган башкармалыктан 4-март менен 17-май айларынын аралыгында жол эресин бузгандардын 108 миң 137 документи толтурулган.

"Жазылган протоколдордун ичинен "Коопсуз шаар" долбоорунун ишинин жыйынтыгы менен 42 миң 168 эреже бузуунун акчасы төлөндү. Бул жалпы сандын 44,5 пайызы", — деп айтылат маалыматта.

Учурда "Коопсуз шаардын" биринчи этабы ишке ашып, экинчисине даярдыктар башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0