Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды

© Sputnik / Табылды КадырбековПриложение электронного кошелка "Мобильник" на экране телефона
Приложение электронного кошелка Мобильник на экране телефона - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадамга "Мобильник" электрондук капчыгынын Улуттук банктын талаптарын бузуп келгени себеп болгон.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы бүгүн, 17-майда, "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу банктын сайтында жарыяланды.

Мындай кадамга "Мобильник" электрондук капчыгынын Улуттук банктын талаптарын бузуп келгени себеп болгон.

MegaCom компаниясынын башчысы Акылбек Жамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
"КТ Мобайлды" ким калкалап жүргөн? MegaCom башчысы Жамангулов агынан жарылды
Мындан тышкары, “Моменталдуу төлөмдөрдүн бирдиктүү системасынын” лицензиясы убактылуу токтотулду. Бул дагы "Мобильник" капчыгына тагылган айып менен күнөөлөнүп жатат.

Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын ушул жылдын февраль айында эле убактылуу чектеген. Анда электрондук капчыктын колдонуучулары айрым операциялар сапатсыз болуп жатканын айтып, даттанышкан.

Мындан соң бир нече ири компаниялар булар менен иштешпей калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0