Бишкектеги ШКУнун бизнес-форумунда 2 млрд. долларлык документке кол коюлат

Жазылуу
Премьер-министрдин айтымында, ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Кыргызстандын ШКУга кирген өлкөлөр менен товар жүгүртүү көлөмү өлкөнүн жалпы товар жүгүртүүсүнүн 71 пайызын түзөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү" бизнес-форумунун жүрүшүндө билдирди.

"Сандарга кайрылсак, 2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 миллиард долларды түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен 4,7 миллиард долларды түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71 пайыздык көлөмү. Ал эми импорт 13 пайыз, экспорт 11 пайыз өскөн", — деди Абылгазиев.

Флаги стран государств-членов ШОС - Sputnik Кыргызстан
ШКУга мүчө өлкөлөр уюм бюджетине канчадан акча чогултушат? Жээнбековдун Жарлыгы
Премьер-министрдин айтымында, ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда.

"2018-жылы Кытайдан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 миллион долларды түзгөн, Россиядан 154,4 миллион доллар келген. Пакистандан 8,9 миллион доллар тартылган, бул 2017-жылга караганда 2,3 эсе көп", — деди өкмөт башчысы.

Абылгазиев ШКУга мүчө өлкөлөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрүнүн катышуусундагы кооперациялык биржа форматындагы форумдун жыйынтыгы боюнча 2 миллиард доллардан ашуун документтерге кол коюларын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0