Сооронбай Жээнбеков банктарды жеткиликтүү насыя берүүгө чакырды

Жазылуу
Бүгүн улуттук валюта — сом кабыл алынган күн.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы аймактарды бирдей өнүктүрбөсө, жарандардын турмуш сапатын жакшыртпаса өлкөнү өнүктүрүү мүмкүн эместигин белгиледи.

"Финансы каражаттарын аймактарга багыттоо өтө маанилүү. Аймактарда ишкерликти өнүктүрүүгө багытталган атаандаштыкка жөндөмдүү долбоорлорду активдүү каржылоо зарыл. Биринчи кезекте кайра иштетүүчү жана экспортко багытталган ишканаларга көңүл буруу керек", — деди Жээнбеков.

Малиновый бизнес в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Аймактардагы азык-түлүктү экспорттогондор жеңилдетилген насыя ала алышат
Президенттин айтымында, санариптик технологияларды киргизүү аркылуу насыялардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу керек. Аларды арзан жана бюрократиялык тоскоолдуктарсыз, кыска мөөнөттө берүү зарыл.

"Санарип экономикага өтүү шартында финансы-кредиттик уюмдар каржылоонун инновациялык каражаттарын ишке кеңири киргизүүгө багыт алышы абзел", — деди мамлекет башчысы.

Жээнбеков андан сырткары, банк кызматкерлерине бекем ден соолук, албан ийгиликтерди, жемиштүү иш жана ар бир үй-бүлөгө бакубатчылык каалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-майда, улуттук валюта сом кабыл алынган күн.

Жаңылыктар түрмөгү
0