Эл Улуттук банктан бир нече миңдеген алтын куймасын сатып алды

Жазылуу
Мындан төрт жыл мурда башкы банк алтын куймасын сата баштаган.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Улуттук банк 8-майга чейин 580 миллион сомдук алтын куймасын сатканын маалымдады.

2015-жылдын 7-майынан тарта Улуттук банк 1, 2, 5, 10, 31,1 жана 100 грамм өлчөмүндөгү алтын куймаларын расмий түрдө сатыкка чыгарган. Аны Кыргызстандын бардык жараны жана чет өлкөлүктөр сатып ала алат.

"207,1 килограмм салмактагы 5516 даана алтын куймасы сатылды. Анын жалпы баасы 584,8 миллион сомду түзөт. Кайра 348,8 миллион сомго 120,9 килограмм (3203 даана) алтын сатып алынды", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк алтын куймасы рынокту жөнгө салуу үчүн акча чогултуу, банк рыногуна инвестиция тартуу жана Кыргызстандын алтын казып чыгаруучу өнөр жайынын потенциалын өнүктүрүү үчүн сатыларын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0