Көчөдө жашайбы? Чүйдүн итке минген жана эң бай акимдеринин тизмеси

© AP Photo / Vadim GhirdaСуд над Еленой Удреей в Бухаресте
Суд над Еленой Удреей в Бухаресте - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сары-Өзөн Чүйдүн райондорун башкарган акимдердин жарымынын үстүндө үйү жок. Үй-бүлө мүчөлөрү андан өткөн жакыр. Эң эле байы Москва районунун акими. Туугандары менен кошулуп эки-үчтөн турак жайы, унаага ээлик кылат. Жылдык кирешелери 5 миллион сомго чукулдайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү район жетекчилеринин мал-мүлкүн тизмектөөнү улантат. Бул ирет 8 райондон турган Чүй облусундагы акимдердин байлыгын карап чыктык. Бул дубандан ири кендер казылбаса да бир топ ишканалар ачылып, жерлердин баасы алтынга тете.

Материал акимдердин 2017-жылга карата тапшырган декларациясынын негизинде даярдалды. Анда акимдин өзүнө жана жакын туугандарына тиешелүү мал-мүлк жазылган. Жакын туугандарына аялы же күйөөсү, жашы жете элек балдары кирет. Эгер камкордугуна алса, бул тизмеге ата-энеси, бир туугандары жана жашы жеткен балдары да кошулуп калат.

Ысык-Ата району

Калмырза Кожомкулов 2015-жылдан бери Ысык-Ата районун башкарып келген. Ушул жылдын 13-апрелинде кызматтан бошотулган. Жылдык кирешеси 448 миң сомду түзөт, турак жайы бар. Жылкы, уй, кой кармайт экен. Ал эми жакын туугандары айыл чарба багытындагы жерге жана бир батирге ээлик кылат. Мындан башка байлыгы жок, унаа айдабайт.

Панфилов району

Депутат ЖК 6 созыва Искендер Матраимов - Sputnik Кыргызстан
Чуусу көп Матраимовдор. Бир туугандардын таржымакалы жана мал-мүлкү
Дамир Кулубаев Панфилов районунун акими болуп 2017-жылдын июнь айында дайындалган. Бирок көпкө иштебей эле өткөн жылдын 1-мартында кайра кызматтан алынган. Ал эми тапшырган декларациясына негизги кирешесинен башка эч нерсе көрсөткөн эмес. Мунун менен анын баш паанектечү үйү, мал-жаны, мамлекет берген маянадан башка байлыгы жок деп түшүнүүгө болот. Кызыгы, жакын туугандары да эч бир мүлктүн ээси эмес.

Сокулук району

Болот Саткеев 2017-жылдын март айында Сокулукка аким болуп дайындалып, туура бир жылдан кийин кайра кызматтан бошотулган. Анын жылдык кирешеси 315 миң сомду түзөт. Саткеев да Панфилов районунун акимине окшоп итке минип жашайт. Мамлекеттен алган айлыгынан башка эч кандай байлыгы жок. Жакын туугандары болсо такыр эле акча таппайт. Мындан улам каякта жашап, үй-бүлөсүн кантип багып жатат деген суроо жаралат.

Чүй району

Каныбек Апбасов Чүй районун 2015-жылдын май айынан бери жетектеп келет. Ал бир жылда (2017-жылы) 348 миң сом иштеп тапкан. Муну 12 айга бөлүп санай келгенде айына 29 миң сом киреше табат. Бул ошол каражат менен эле үй-бүлөсүн багып жатат дегенди түшүндүрөт. Анткени жакын туугандарынын да киреше булагы жок, бир да мүлккө ээ эмес. Баары биригип аянты 70,6 чарчы метрлик турак жайга ээлик кылат. Апбасовдун мындан башка эч нерсеси жок.

Кемин району

Заседание Жогорку Кенеша КР - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин эң бай жана эң кедей депутаттары. Рейтинг
Кемин районунда эки жылдын ичинде төрт аким алмашкан. Тынарбек Супатаев акимчиликтен 2017-жылдын февраль айында кеткен. Анын ордуна Улан Карагулов барат да, 9 ай иштеп өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп дайындалган. Ал жакта да көп иштей алган эмес, 6 айдан кийин кетип, ордуна Туйгунаалы Абдраимов барган. Карагуловдон соң Жумгалбек Дүйшөбаев аким болуп дайындалган. Бирок ал да бир жылдан (2019-жылдын февралында) кийин ишин эптей албады деген жүйө менен кызматтан бошотулган. Учурда Кеминди Нурлан Шаршеналиев башкарып жатат.

Тынарбек Супатаев эки ай иштегенине карабай, декларацияга аким катары мүлкүн көрсөткөн. Анын кирешеси 104 миң сомду түзүп, айыл чарба багытындагы 6 гектардан ашуун жери бар. Үйү, автоунаасы, мал-жаны жок.

Аламүдүн району

Касымбек Чодуров 2017-жылдын март айында Аламүдүн районунун башчылыгына дайындалып 2018-жылдын июнуна чейин иштеген. Анын жылдык кирешеси 1,2 миллион сом. Чакан күркөлөрдү иштетет, жылкы, уй багат. 500 миң сомдук теректери бар, эмерек, компьютер жана башка техникаларынын баасы 500 миңдин тегереги. Жакын туугандары жылына 1 миллион сом иштеп табат. Эки унаа айдайт. Кызыгы, ушунча байлыгы болуп туруп баш калкалоочу турак жайы жок.

Жайыл району

Турусбек Ногоев Жайыл районун 2014-жылдан бери башкарып келүүдө. Ал Чүй облусунда эң көп иштеген аким болуп саналат. Жылдык кирешеси 400 миң сом. Үйү, Mercedes-Benz E 240 үлгүсүндөгү автоунаасы бар, азыраак мал кармайт. Ал эми жакындарынын бир жылдык кирешеси 684 миң сомду түзөт.

Москва району

Мамлекеттик кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тилек Матраимов "алачыкта" жашайт экен. Оштогу акимдердин кандай байлыгы бар?
Талай Иманкулов Москва районуна аким болуп 2013-жылы октябрда дайындалып, 2018-жылдын мартына чейин иштеген. Аны Чүйдөгү акимдердин эң байы десе болот. Иманкулов аянты 135 чарчы метрди түзгөн турак жайдын жана эки унаанын ээси. Баасы 150 миң сомдук зер буюмдары бар. Жакын туугандары менен биргеликте бир жылда 4,9 миллион иштеп тапкан.

Туугандарынын эки турак жайы бар, үйүнүн алдындагы 9 гектардай огородду иштетет. Баасы 2,4 миллион сомду түзгөн майда жандык (кой, эчки) жана бодо мал кармайт.

Белгилей кетсек, Жазык кодексинин 323-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, мамлекеттик кызматкер декларациясында кайсы бир мүлкүн жашырса, кылмыш катары саналат. Мыйзамсыз байыгандар айыпка жыгылат же эки жылга эркинен ажыратылат. Ошондой эле эки жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө бөгөт коюлат.

  • Мамлекеттик кызматкер декларацияда кайсы мүлктөрүн көрсөтүүгө тийиш:
  • Кыймылсыз мүлк;
  • Кыймылдуу мүлк;
  • Автотранспорттук каражаттар;
  • Маданий баалуулугу бар менчиктер жана өлкө мыйзамдарына ылайык эски буюм катары таанылган буюмдар;
  • Улуттук жана чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары;
  • Баалуу кагаздар;
  • Мал жана башка жандыктар;
  • Зер буюмдар, асыл жана жарым-жартылай асыл металлдар;
  • Жарандарга жана уюмдарга карата финансылык жана башка мүлктүк талаптар;
  • Уюмдардагы капиталдын аларга таандык үлүшү.
Жаңылыктар түрмөгү
0