Аймактардагы азык-түлүктү экспорттогондор жеңилдетилген насыя ала алышат

© Sputnik / Светлана Федотова"Малиновый бизнес" в Чуйской области
Малиновый бизнес в Чуйской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлерге коммерциялык банктардан 3-5 жылга чейин жылдык 8-10 пайыздык коюм менен узак мөөнөттүү насыя берилмекчи.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. "Иштетүүчү жана кайра иштетүүчү ишканаларды каржылоо" долбоорунун алкагында экспорттоочуларга жеңилдетилген насыя берилет. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Аталган долбоорду өкмөт 2019-жылдын майынан тартып ишке киргизет. Анын башкы максаты — аймактардагы өндүрүлгөн продукцияны экспорттогон жана экспортко багытталган жаңы ишканаларды ачкан ишкерлерге финансылык колдоо көрсөтүү.

Дыйкан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ишин жаңы баштаган КР бизнесмендерине төмөнкү пайыз менен насыя берилет
Тамак-ашты кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн атамекендик ишканалар (Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары) коммерциялык банктардан 3-5 жылга чейин жылдык 8-10 пайыздык коюм менен узак мөөнөттүү жеңилдетилген насыяларды ала алышат.

Буга чейинки "Экспортко багытталган жана импортту алмаштыруучу ишканаларды каржылоо-1" долбооруна салыштырмалуу жаңы долбоордо патенттик негизде ишмердүүлүгүн жүргүзгөн тигүү ишканалары үчүн жеңилдетилген насыя каражаттарын (негизги каражаттарга 1 миллион сомдон ашык эмес жана жүгүртүү каражаттарына 500 миң сомдон ашуун эмес) алуу укугу каралган.

Долбоорду ишке ашыруу тандалган коммерциялык банктар аркылуу берилген насыя каражаттарынын пайыздык коюмдарын субсидиялоо жолу менен жүргүзүлөт. Тийиштүү финансылык ресурстар өлкө бюджетинде каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0