Абылгазиев: ЕАЭБдин экономикалык көрсөткүчү барган сайын жогорулоодо

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. ЕАЭБ алкагында соода-сатыктын масштабы экономикалык мамиленин динамикалуу көрсөткүчүнөн кабар берет. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ереванда өтүп жаткан өкмөттөр аралык кеңеш жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

"Иштин натыйжалуулугун жана ЕАЭБ алкагындагы өзгөрүүнү өз ара соода-сатыктын 9,2 пайызга, тышкы сооданын 18,8 пайызга жогорулашын көрсөтүп турат. Ал эми үчүнчү өлкөлөргө болгон экспорттун көлөмү 26,8 пайызга өскөн", — деди кыргыз өкмөтүнүн башчысы.

Абылгазиев ЕАЭБди чет элдик өнөктөштөр менен иштөөгө ыңгайлуу эң жаш жана тез өнүгүп жаткан бирикме катары саноого болорун белгиледи.

ЕАЭБде жакшы сатылган фермердик 5 азык - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде сатылган Кыргызстандын эң кымбат 5 азыгы
Премьер-министр Кыргызстан ЕАЭБ мейкининде санарип технологиясын өнүктүрүүнүн алкагындагы пайдалуу долбоорлорду колдоп, өнүктүрүүгө даяр экенине токтолду. Ал кесиптештерин ЕАЭБдин "Өнөр жай кооперациялары, субконтрактациялары жана технологиялар трансферинин евразиялык түйүнү" деп аталган алгачкы биргелешкен санариптик долбооруна көңүл бурууга чакырды.

Сөзүнүн аягында Абылгазиев премьер-министрлерди үстүбүздөгү жылдын 9-майында Чолпон-Ата шаарында өтө турган өкмөттөр аралык кеңештин кезектеги жыйынына чакырып өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0