Ереванда ЕАЭБ өкмөттөр аралык кеңештин тар чөйрөдөгү жыйыны башталды

© Пресс-служба правительства КРОчередное заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване
Очередное заседание Евразийского межправительственного совета в Ереване - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күн тартибинде кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган 8 маселе бар.

ЕРЕВАН, 30-апр. — Sputnik. Ереванда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар чөйрөдөгү жолугушуу менен башталды. Иш-чара Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жатат.

Жыйынды Евразиялык экономикалык комиссиянын жетекчиси Тигран Саркисян ачты.

ЕЭК башчысы биринчи кезекте комиссиянын кеңешти өнүктүрүү боюнча докладын угуп, коллегиянын мүчөлүгүнө Казакстандан көрсөтүлгөн Серик Жумангаринди тааныштырууну сунуштады.

ЕАЭБде жакшы сатылган фермердик 5 азык - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБде сатылган Кыргызстандын эң кымбат 5 азыгы
Өкмөт башчылар жалпы жонунан сегиз маселени карап чыкмай болушту. Мындан башка да каралчу суроолор тизмектелди. Алар:

ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн биримдиктин ички рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча иши;

ЕАЭБ алкагында сооданын санариптик экосистемасын өнүктүрүүгө шарт түзүү;

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында бажы пошлиналарын бөлүштүрүү нормативдери тууралуу.

Сүйлөшүүнүн өзүнчө пункту катары Саркисян "Өнөр жай кооперациялары, субконтрактациялары жана технологиялар трансферинин евразиялык түйүнү" аттуу биргеликте жасалган алгачкы санариптик долбоорду талкуулоону алып чыкты. Катышуучулардын сунушу менен бул маселе кеңири форматтагы жолугушууда ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусу менен каралмай болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0