Мамлекет ишкерлер менен кызматташуу үчүн мыйзамды күчөтмөкчү

Жазылуу
2018-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы суммасы 12 миллион долларга барабар долбоорду ишке ашыруу башталды.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Учурда экономиканын ар кандай секторлорунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн 17 долбоору ишке ашыруу стадиясында турат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Рассмотрение отчета деятельности Правительства за 2018 год - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт ишкерлердин жасаганын өзүнө ыйгарып алдыбы? Отчетуна саресеп
Мындай долбоорлорду даярдоо процессин жөнөкөйлөтүү максатында өкмөт "Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыккан. Учурда документ Жогорку Кеңештин кароосунда.

2018-жылы мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында жалпы суммасы 12 миллион долларга барабар долбоорду ишке ашыруу башталды.

"Анын ичинде гемодиализ кызматын көрсөтүү боюнча долбоор (10 миллион евро) жана Бишкек шаарында "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын модернизациялоо (500 миң доллар) бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, дагы төрт долбоор боюнча каржылоо фондусуна зарыл документтер даярдалып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0