Жарым миллиард сом! Салыктан качкандардын тизмеси жарыяланды

Жазылуу
Учурда абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов да эки миллион сомдой салык төлөбөй жүргөнү көрсөтүлгөн.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө ири суммадагы карызы бар, башкача айтканда салык төлөбөй жүргөн жарандардын жана компаниялардын тизмесин жарыялады.

Маалыматка караганда, учурда өлкөдө 542 миллион 865,8 миң сомдук салык өндүрүлбөй турат. Салык төлөөчүлөрдүн карызы ушул жылдын 1-апрелине карата эсептелген.

Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы коррупциялашкан ведомстволордун тизмеси чыкты. Жарандык рейтинг
Салыктан качкандардын сап башына 90,5 миллион сом карызы менен Олег Попиков жетектеген "Бишкек машина куруу заводу" ААКсы турат. Андан кийинкиде Атай Асылбеков жетектеген "Кыргызтелеком" ишканасынын 67,1 миллион сомдук карызы бар. Ал эми Бактыбек Турдубеков башкарган "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасы 75,3 миллион сом салык төлөгөн эмес.

Андан тышкары, учурда абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов да 1,8 миллион сом салык төлөбөй жүргөнү көрсөтүлгөн.

Мындан башка дагы кимдердин мамлекетке карызы бар экенин Салык кызматынын сайтынан тааныша аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0