БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы өлкөдө ири суммадагы карызы бар, башкача айтканда салык төлөбөй жүргөн жарандардын жана компаниялардын тизмесин жарыялады.
Маалыматка караганда, учурда өлкөдө 542 миллион 865,8 миң сомдук салык өндүрүлбөй турат. Салык төлөөчүлөрдүн карызы ушул жылдын 1-апрелине карата эсептелген.
Андан тышкары, учурда абакта жаткан Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов да 1,8 миллион сом салык төлөбөй жүргөнү көрсөтүлгөн.
Мындан башка дагы кимдердин мамлекетке карызы бар экенин Салык кызматынын сайтынан тааныша аласыздар.